Коррупцияга каршы күрөшүүдөн кайтарылган акча үчүн ачылган Бирдиктүү депозит жоюлду

Коррупцияга каршы күрөшүүдөн кайтарылган акча үчүн ачылган Бирдиктүү депозит жоюлду. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми мындай бузуулардан өндүрүлгөн каражат тиешелүү бюджеттерге дароо которулуп турат.

 

Эске салсак, Каржы министрлиги алдындагы Бирдиктүү депозиттик эсеп 2 жыл мурда ачылган. Коррупциялык кылмыштардан өндүрүлгөн акча мектептерди курууга багытталып жаткан.