Россиянын алгачкы авиакаттамдары КМШ мамлекеттерине болот

Россия алгачкы авиакаттамдарын КМШ мамлекеттерине ачышы мүмкүн. Бул тууралуу РФтин транспорт министри Евгений Дитрих билдиргенин РИА Новости жазды.

 

 

«Биз жалпы эл аралык каттамдарды ишке ашыруудан мурда өзүбүзгө жакын болгон КМШ өлкөлөрүнө учабыз», — деген Дитрих журналисттерге.

Россия коронавирус пандемиясынын улам 27-мартта башка мамлекеттер менен туруктуу жана чартердик рейстерди токтоткон.

 

Бирок бул чектөө экспорттук рейстерге, жүктөргө, почтага, тез жардам, гуманитардык жана башка зарыл болгон каттамдарга киргизилген эмес.