Кыргыз-казак чек арасы унаалар үчүн дале жабык

Кыргыз-казак чек арасы унаалар үчүн дале жабык. Бул тууралуу казакстандык ММКлар Улуттук коопсуздук комитетине шилтеме келтирип жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, өткөрүү түйүндөрүн ачуу суроосун ведомство аралык комиссия жана башкы санитардык дарыгер карап, чечим чыгарат.

 

Азырынча эки өлкө ортосунда аба каттамдарды гана жандантуу каралууда. Биринчи лайнер  20-сентябрда учат деп пландалды.