Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 25-июндан 28-июнга чейин “Иркештам” өткөрүү түйүнү иштебейт. Бул күндөрү Кытайда Ажыдаар кайыктарынын фестивалы белгиленет.

 

Чек ара бекетинен жүк ташуучу унааларды өткөрүү 29-июндан тарта жанданат. Эске салсак, аталган түйүн апрелде жүк ташуу үчүн ачылган. Ага чейин Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы коронавирус кооптуулугунан улам февралдан бери жабык турган.