Кыргыз-өзбек чек арасында инженердик иштер токтотулду

Кыргыз-өзбек чек арасында инженердик иштер токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Адыкарим Алымбаев билдирди.

 

Аксы районунун Өзбекстан менен чектеш Дерес тилкесинде 2017-жылы чек араларды тактоонун негизинде Өзбекстандын Чек ара кызматы инженердик курулуш иштерин баштаган. Бирок кыргыз тараптагы жергиликтүү калктын каршылыгынан улам бул иш убактылуу токтотулду.

 

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1 миң 378 чакырым. Анын   85 пайызы гана такталган.