Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек унаа жолу” өткөрүү түйүнүндө эртең, 6-мартта убактылуу чектөөлөр киргизилет

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек унаа жолу” өткөрүү түйүнүндө эртең, 6-мартта убактылуу чектөөлөр киргизилет.

 

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 2ге чейин аталган пункт аркылуу жарандар, транспорт каражаттары жана жүк өткөрүлбөйт.

 

Бул убакыт аралыгында кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол”, “Токмок”, “Кең-Булуң”, “Чалдыбар”, “Чоң-Капка” өткөрүү түйүндөрү жеткиликтүү.