Чек ара кызматы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы жагдайга түшүндүрмө берди

Чек ара кызматы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы жагдайга түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, аталган трассада Казакстанга тиешелүү 800 метр аймак бар.

Казак тарап ошол аймакты убактылуу зым менен тосту жана алардын аймагында жайгашкан

2 май куюучу жайларга кирүүгө тыюу салды. Ошону менен бирге транзиттик жол ачык бойдон калат жана

кошумча жол белгилери орнотулуп, маалыматтык такталар илинет.

Чек ара кызматы кыргызстандыктарды транзиттик аймакта жүрүүнүн эрежесин сактоого жана

бул жолдон адамдарды, жүктөрдү салып түшүрбөөгө чакырат. Эске салсак,

кечээ социалдык тармактарда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы май куюучу жайларын

аскер кызматкерлери зым менен тосуп жаткан видео тараган.