Кыргызстанда Орозо 11-март күнү башталат

Кыргызстанда Орозо 11-март күнү башталат. Novosti.kgге Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдиргендей, 10-мартта өлкө аймагында бардык мечиттерде таравих намазы окулат.

 

Ал эми 10-апрель Орозо айттын биринчи күнү деп эсептелинди.

 

Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Ал Айт майрамы менен жыйынтыкталат.