Кыргызстандыктар чет өлкөлөргө кантип чыкса болорун чек ара кызматынан айтып беришти.
Ведомствонун басма сөз катчысы Гулнара Бөрүбаеванын айтымында, ар бир жаран 3 күн
аралыгында коронавируска ПЦР-тест тапшырып, анын терс жыйынтыгы менен гана чыга алат.
Белгилеп кетсек, учурда Кыргызстан 5 өлкө менен аба жолдорун уюштуруп жатат.
Алар Россия, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Араб Эмирлиги.
Ошондой эле 33 өлкөнүн жарандарына Кыргызстанга кирип чыгууга уруксат берилген.