Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол унаа жолу” өткөрүү түйүнүнүн оңдоо иштери 55 пайызга аткарылды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол унаа жолу” өткөрүү түйүнүнүн оңдоо иштери 55 пайызга аткарылды. Өкмөттөн билдиришкендей, кайра калыбына келтирүү иштерин ушул жылдын декабрына чейин жыйынтыктоо пландалып жатат.

 

Анын алкагында административдик блок гана кеңейтилбестен, спорт шаарчасы, кинолог борбору, күтүү залы жана унаа токтотуучу жай дагы пайда болот. Эске салсак, “Ак-Жол” өткөртүү түйүнүн жаңыртуу мартта башталган.