Нидерландыда 3D-принтердин жардамы менен  дүйнөдөгү эң кичинекей кайык чыгарылды

Нидерландыда 3D-принтердин жардамы менен  дүйнөдөгү эң кичинекей кайык чыгарылды. Анын өлчөмү болгону 30 микрометрди түзөт. Кайык адам баласынын бир тал чачынын ичине дагы батып кетет.

 

Окумуштуулардын айтымында, мындай объект майда микроскопикалык сүзүүчү организмдерди таанууга шарт түзөт. Мисалы, бактерия клеткалары. Кичинекей кайык мындай колөмүнө карабай, өз алдынча сүзүүгө ыңгайлашкан.