Унаа жана жолдор министрлиги кышка даяр

Унаа жана жолдор минпистрлиги кышка даяр. Ведомстводон билдиришкендей, трассаларды кардан, кар күрткүлөрүнөн тазалоочу бардык атайын техника даярдалды. Муз тоңгон учурда себилүүчү инерттүү материалдар дагы толук көлөмдө камдалды.

 

Министрликтен ишендиришкендей, кызматкерлер дагы техника дагы даяр. Андыктан, кышкысын магистралдарда кыйынчылык жаралбайт.