“Кыргыз темир жолунун” жаңыланган вагону бир айдын ичинде ишке берилет

“Кыргыз темир жолунун” жаңыланган вагону бир айдын ичинде ишке берилет.

Аталган мекемеден такташкандай, модернизациялоодо вагондун конструкциялык бөлүгү өзгөргөн жок.

Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн терезелери чоңойтулуп, панорамалык айнектер орнотулду.

Сапардын ыңгайлуулугу үчүн кондиционер коюлду.

Ошондой эле вагондо муздаткыч жана ичүүчү суу орнотулган.

Белгилеп кетсек, вагонду жаңылоо ишкананын күчү менен, тыштан инвестиция тартпастан жүргүзүлдү.