Бишкектен Алматыга жаңы аба каттам ачылды

Бүгүнтөн тарта Бишкек — Алматы — Бишкек багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз аба каттамы ачылды.

Бул тууралуу “Манас” аэропортунан кабарлашты.

Каттамдарды жергиликтүү авиакомпания аткарат.

Белгилеп кетсек, бул каттам ишке киргенге чейин Алматы менен Бишкектин ортосундагы каттамдарды узак убакыт бою бир гана казакстандык авиакомпания аткарып келген.