Кыргыз улуттук тарых музейинин  иштөө убактысы узартылды

Кыргыз улуттук тарых музейинин  иштөө убактысы узартылды. Маданият министрлигинен билдиришкендей,  туристтердин жана кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн тарых музейи эми саат 10дон кечки 8ге чейин иштейт.

 

Ал эми буга чейин бекитилген графикке ылайык, бардык музейлер үчүн дүйшөмбү дем алыш катары сакталат.