Токтогул районунда жаңы бала бакча ачылды

Токтогул районунда жаңы бала бакча ачылды. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект Чолпон-Ата айылында жайгашат.

 

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 75 бөбөккө чакталган. Курулуш иштерине каражат райондук фонддон, жергиликтүү бюджеттен жана аймактарды өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн.