Бишкек жана Чүй облусунда катуу шамал болот

Бишкек жана Чүй облусунда катуу шамал болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эскертишкендей, 1 сааттын ичинде аба-ырайы кескин өзгөрүп, күн күркүрөйт. Ал эми шамалдын ылдамдыгы секундасына 14 метрге чейин жетет.

 

Жарандарга этият болуп, жеңил конструкциялардын алдынан өтпөй, бак-дарактардын алдына унааларын токтотпоо сунушталат.