Кыргызстан эми паспорт менен айдоочулук күбөлүктү өзү чыгара баштайт.
Буга президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү ишендирүүдө.
«Учкун» басмаканасына чет өлкөдөн заманбап техникалар келди.
Жабдууларды жаңылоо иштери аяктагандан кийин басмакана ID-card, жалпы жарандык паспорт, айдоочулук күбөлүк, унаалардын техникалык паспортун даярдап баштайт, — деп айтылат маалыматта.
Белгилеп кетсек, “Учкунда” азыр атесттат, күбөлүк, диплом сыяктуу жөнөкөй мамлеттик кагаздар жана китептер басылат.