Кыргыз-тажик чек арасындагы кол салуудан жабыркаган жарандарга насыясын төлөөдө жеңилдиктер берилет

Кыргыз-тажик чек арасындагы кол салуудан жабыркаган жарандарга насыясын төлөөдө жеңилдиктер берилет. Бул тууралуу Улуттук банктын Баткен облусу боюнча өкүлү Акмал Раззаков билдирди.

 

Анын айтымында, жакынкы арада тиешелүү чечим кабыл алынат. Ага ылайык, жергиликтүү калктын насыясын кечүү суроосу дагы каралууда. Раззаков эске салгандай, өткөн жылы апрелде жабыркагандардын көбүнүн кредиттери жоюлган. Бул ирет дагы ошондой чечим кабыл алынышы күтүлөт.