Кыргызстанда туруктуу эл аралык аба каттамдар август айында ачылышы анык эмес

Кыргызстанда туруктуу эл аралык аба каттамдар август айында ачылышы анык эмес.

Бул өнөктөш өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында белгилүү болду, — деди

«Азаттыкка» Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев.

Анын айтымында, аба жолдорун уюштурууга Россия, Түркия, Дубай жана Казакстан

макулдугун берген жок. Бирок аталган өлкөлөргө чартердик каттамдардын саны көбөйтүлөт.

Акышев белгилегендей, Россия 1-августтан тартып үч өлкө менен туруктуу каттамдарын жандантты.

Август айынын аягында бул тизме 15 өлкөгө жеткирилет.

Алардын катарына Кыргызстанды да кошуу пландалып жатат.