Кыргызстан Россиянын төрт шаарына туруктуу авиакаттамды жандантат

Кыргызстан Россиянын төрт шаарына туруктуу авиакаттамды жандантат.

 

Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев билдирди. Анын айтымында, биздин өлкөдөгү учуулардын негизги географиясы Россия менен байланыштуу. Азыркы тапта туруктуу каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат.

 

Анда Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург шаарлары тууралуу сөз жүрүүдө. Бул каттамдар сентябрда ачылат деп пландалууда. Андан тышкары, Казакстан, Кувейт жана Өзбекстан менен каттамдарды жандантуу аракети көрүлүп жатат.