Өкмөт 31 өлкөнүн жарандарына Кыргызстан аймагына кирүүгө уруксат берди

Өкмөт 31 өлкөнүн жарандарына Кыргызстан аймагына кирүүгө уруксат берди. Алардын арасында Россия, Армения, Беларус, Казакстан, Түркмөнстан, Германия, Италия, Латвия, Литва, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Түштүк Корея, Пакистан, Кувейт жана башка бир катар мамлекеттер бар.

 

Санэпидем көзөмөл борбору COVID-19 вирусунун жайылышын алдын алуу боюнча алгоритмдердин аткарылышын көзөмөлдөйт.

 

Эске салсак, пандемияга байланыштуу 19-марттан тартып чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагына киришине тыюу салынган. Ошондой эл аралык аба каттамдар да токтотулган.