Кыргызстан туристтик сезонго чейин дүйнөнүн бардык жарандары үчүн чек араларын ачат

Кыргызстан туристтик сезонго чейин дүйнөнүн бардык жарандары үчүн чек араларын ачат. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти. Тизмени кеңейтүү боюнча сунуш министрлер кабинетине жөнөтүлдү.

 

Ага ылайык, департамент коронавирус боюнча чектөөлөрдү толугу менен алып салып, же максималдуу түрдө жеңилдетүүнү сунуштады. Буга туристтердин көбү вакцина алгандыгы жүйөө катары келтирилет.

 

Эске салсак, учурда Кыргызстанга чек аралар аркылуу 67 мамлекеттин жарандары кире алса, учак менен бардык өлкөлөрдүн тургундарына асман ачык.