Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлдү

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады.

 

Анын айтымында, өлкө бийлиги экономиканын бул тармагына артыкчылык берип, инфраструктураны жакшыртып, туристтер үчүн жакшы шарттарды түзүүгө даяр.

 

Жапаров белгилегендей, туристтик объектилерге барчу жолдор Унаа жана жолдор министрлигине өткөрүлүп, иретке келтирилиши зарыл.