Бардык министрликтер Бишкектин түштүк тарабына көчүрүлөт

Бардык министрликтер Бишкектин түштүк тарабына көчүрүлөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди. Өлкө башчынын айтымында, шаар калкынын саны өсүп, тыгындар дагы көбөйүүдө.

 

Андыктан, президенттик администрациясын жана министрликтердин имараттарын көчүрүү чечими кабыл алынды.

 

Жапаров ишендиргендей, курулуш иштери кийинки жылы башталат жана бул багытта мамлекеттик акчасы кетпейт. Курулуш компаниясы ордуна эски министрликтердин имараттарына ээ болот.