Кыргызстанда 2022-жылга ирригациялык тармакты даярдоого бюджеттен 1 миллиард сом бөлүндү

Кыргызстанда 2022-жылга ирригациялык тармакты даярдоого бюджеттен 1 миллиард сом бөлүндү.

Бул тууралуу айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, иштер башталды.

Ноябрда бөлүнүп берилген сумманын  бир бөлүгүнө каналдарды оңдоо, тазалоо жана бетондоо

иштери жүрүп жатат. Министр белгилегендей, болжолдуу түрдө суунун деңгээли кийинки жылы

дагы быйылкыдай болот. Сугат суунун жетишсиздиги сакталат. Андан улам, дыйкандарга

эрте жаздан баштап суу топтоочу системаларды пайдалануу сунушталат.