Кыргызстандан мал экспорттоого 8-июлдан тартып  уруксат берилет

Кыргызстандан мал экспорттоого 8-июлдан тартып  уруксат берилет.

Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун

басары Илич Марсбек уулу билдирди. Анын айтымында, муну менен кошо буудай,

арпа жана башка продукцияларды экспорттоого тыюу салган токтомдун мөөнөтү

жыл аягына чейин узартылат. Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда эттин

баасы кескин кымбаттап, өкмөт мал-жандыкты ЕАЭБдин бажы аймагынын

чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салган.