Кыргызстанда тоют мындан ары кымбаттабайт

Кыргызстанда тоют мындан ары кымбаттабайт.

Коюлган чектөөлөрдүн жана салыктан бошотуунун натыйжасында

тоют арзандайт деген божомол бар, — деп билдирди айыл, суу чарба жана

аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков. Анын айтымында,

Кыргызстандан тоют өсүмдүктөрүн, буудайды чыгарууга чектөө коюлду.

Өлкөгө импорттолуп келген тоютка салынуучу кошумча нарк салыгы алынды.

Министрликтен белгилешкендей, өлкөдө быйыл малдын тоюту былтыркыга

салыштырганда аз камдалды. 30-июлга карата өлкө боюнча 2 миллион 200 тонна

тоют өндүрүлдү, былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу бул 360 миң тоннага аз.