Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы
7 миң 92 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 677 адам вакцинанын биринчи дозасын,
3 миң 415 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 223 миң 170 адам
вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 7 миң 841 жаран
экинчи компоненти менен эмделди.