Кыргызстанда банк карталарын берүү саны бир жылда 33 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын отчетунда жазылат.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-октябрына карата өлкө аймагында колдонуудагы карталардын саны 4 миллион 660 миңди түзөт.
Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 33 пайызга көп.