Бишкек-Инчхон түз аба каттамын ачуу пландалууда

Бишкек-Инчхон түз аба каттамын ачуу пландалууда.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул боюнча Кыргызстандын Кореядагы элчилиги жергиликтүү авиакомпания менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушууда түз аба каттамдын ачылышына эки өлкөнүн жарандары кызыктар экени белгилүү болду.

Ал эми туруктуу каттамдарга чейин ушул жылдын 28-апрелинде Кыргызстанга чартердик рейс пландаштырылып жатканы маалым болду.