Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 10-ноябрга чейин Ала-Бел, Төө-Ашууда жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү мүмкүн.
Мындай коркунуч башка тоолуу райондордо дагы сакталууда. Андыктан, сапарга чыккан айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы керек.