Кыргызстанда чет элдик жарандарды ишке орноштуруучу борбор пайда болот.
Министрлер кабинетинен маалым болгондой, мындай чечим мигранттарды жана аларын үй-бүлөсүнүн укугун коргоо максатында кабыл алынды.
Кошумчалай кетсек, жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин карамагындагы бөлүм болот.