Бишкекте ушул жылы эки мектеп ачылат.
Мэриянын басма сөз кызматынан кабаралашкандай, 225 орунга эсептелген №18 орто мектептин кошумча окуу корпусунун курулуш иштери 95 пайызга аткарылып, имараттын ички жана тышкы жасалгасы, пол жана терезе-эшиктерди орнотуу, электр жана сантехника тармактары өткөрүлүп, ошондой эле жылуулук менен камсыздоо, суу жана канализация түтүктөрүн орнотуу иштери аяктады.
Ал эми №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейдин 375 орундуу жаңы имараты, ошондой эле спорт залынын курулушу дээрлик аяктоодо.