Кыргызстанда чет өлкөлөр менен байланыштырган аба каттамдарды калыбына келтирүү уланышы ыктымал

Кыргызстанда чет өлкөлөр менен байланыштырган аба каттамдарды калыбына келтирүү уланышы ыктымал.

Бирок бир гана эпидемиологиялык абал туруктуу болсо, — деп билдирди премьер-министр Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, буга чейин 32 өлкө менен аба жолдорун ачуу макулдашылган.

Алардын ичинен Россия, Казакстан, Түркия жана Бириккен Араб Эмирлигине жүргүнчүлөр көп.