Кыргызстанда 1-майдан тартып мамлекеттик ипотекалык насыянын пайызы төмөндөйт.
Кеп, турак жай программасынын алкагында 2018-жылдын 1-ноябрына чейин берилген
бардык ипотекалык насыялар тууралуу болуп жатат. Насыя чендери баштапкы
төгүмдүн көлөмүнө жараша 7 – 9 пайызга чейин төмөндөйт. Мындан тышкары,
«Жеке турак жай куруу» механизми боюнча берилген насыялардын
пайыздык чендери да 7 – 11 пайызга чейин төмөндөтүлөт.