Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу.

Бирок коронавирустун жаңы учурлары дагы деле катталууда.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн вируска кабылган 48 адам аныкталды. Жаңы учурлар чыгып жатканына

байланыштуу вирустун алдын-алуу чараларын токтотпоо зарыл. Белгилеп кетсек, пандемия

башталгандан бери 85 миң 564 адам ковидге кабылса, алардын

1 миң 444ү каза тапты жана 82 миң 391 адам вирусту жеңип чыкты.