Жалал-Абад санаторийинин кызматкерлеринин кармалып жаткан маянасы бериле баштады

Жалал-Абад санаторийинин кызматкерлеринин кармалып жаткан маянасы бериле баштады.

Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган санаторийдин жетекчиси Максат Абышкаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн кызматкерлердин ноябрь, декабрь үчүн эки айлык маянасы жана

буга чейин кармалып калган сыйлык акылары да толугу менен берилди. Белгилеп кетсек,

өткөн жумада аталган медициналык мекеменин кызматкерлери

эки айдан бери маяна албай жатканын а билдиришкен болчу.