Ош облусунда да пневмония менен ооруган жарандарды аныктоо максатында
медицина кызматкерлри үймө-үй кыдырууда. Бул тууралуу өкмөттүн
Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Ага ылайык, 167 медицина кызматкеринен турган
48 мобилдик бригада түзүлүп, иштеп жатат. Учурда Кара-Суу, Алай, Ноокат, Араван
райондорунда көчмө топтор 54 айылга барып дээрлик 6 миң үй-бүлөнү текшерди.
Алар пневмонияга чалдыккан тургундарды аныктап, оорулуулар болсо
жардам көрсөтүшүүдө. Иштер бир жума аралыгында жүргүзүлөт.