Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган дарыгерлерге кенемте төлөө маселесин атайын комиссия иликтеп чыгат

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган дарыгерлерге кенемте төлөө маселесин атайын комиссия иликтеп чыгат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков компенсацияга байланыштуу митингге чыккан медицина кызматкерлер менен жолугушкан. Анда кенемте үчүн бюджеттен 200 миллион сом каралганын жарыялаган.

 

Эске салсак, буга чейин жумуштан коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлерге 200 миң сомдон берилсе, кийин кенемте 75 миңге төмөндөтүлгөн. Буга нааразы дарыгерлер тынчтык митингге чыгышкан.