Өлкө бийлиги бензин акциздерин жыл сайын жогорулатууну сунуштап жатат.
Салык кодексинин долбооруна өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш коомдук талкууга чыгарды.
Документ өзүнө акциз салыгынын базалык ставкасын жыл сайын бензиндин тоннасына
2 миң сомго жогорулашын камтыйт. Ондогон депутаттардын тобу белгилешкендей,
каражат жол фондуна багытталып, жол тармактарын өнүктүрүүгө
жумшалат жана республиканын тышкы карызын жабууга сарпталат