“Түндүк электр” ишканасынын 6 миңге жакын керектөөчүсү электр энергиясыз калышы ыктымал.
Аталган ишкананын маалыматы боюнча, карыз көлөмүнө жараша керектөөчүлөргө
3-февралда электр кубатын берүү чектелет. Мындай ыңгайсыздыкты болтурбоо үчүн
“Түндүк электр” шаардыктарды карызды төлөөгө чакырат.
Ал эми төлөмдөрдү терминал жана электрондук капчык аркылуу жүргүзсө болот.