Нариман Тюлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруудан баш тартты

Нариман Тюлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруудан баш тартты. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, Тюлеевдин мындай чечимине кечээ мэриянын алдында болгон башаламандыктар себеп болду.

 

Анда анын тарапташтары менен Тюлеевдин мэр болушуна каршы болгондор ортосунда жаңжал чыкты. Мэрдин милдетин биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарат.

 

Белгилеп  кетсек, мыйзам боюнча Бишкек мэрин шаардык кеңеш шайлайт. Шаардык депутаттардын укуктары жарым жылдан кийин аяктагандыктан, азырынча шайлоо өткөрүлбөйт.