Бишкек мэриясы коомдук унааларда жол кирени көтөрүү боюнча калаа тургундарынын сунуштарын карап жатат.
Муниципалитеттен белгилешкендей, 100 комментарий келип түштү. Алардын бары эске алынат. Буга чейин мэрия
тарифтерди көтөрүү боюнча 3 вариант сунуштаган. Биринчиси – бааларды ушундай эле калтыруу.
Экинчиси троллейбустарда жана автобустарда 11 сомго, маршруттук таксилерде 15 сомго көтөрүү.
Үчүнчүсү – автобустарда 15 сом, троллейбустарда 11 сом, маршруттук таксилерде 19 сомго чейин жогорулатуу каралган.