Ысык-Көл облусунун Теплоключинка айылында жаңы калкты тейлөө борбору ачылды. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, борбор заманбап жабдуулар менен камсыздалып, анда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бардык шарттар каралган.
Ак-Суу районунун тургундары бул жерден паспорт алууга документтерди толтуруп, никени каттап, балага туулгандыгы тууралуу күбөлүктү ала алышат.
Процесс толугу менен автоматташкан.