Окумуштуулар Кыргызстанда жоогазындын жаңы түрүн табышты

Окумуштуулар Кыргызстандагы экспедиция учурунда жоогазындын жаңы түрүн табышты.

Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.

Бийиктиги 10 сантиметрден 19 сантимтерге чейин жеткен жоогазын Токтогулдун тоолуу аймагынан табылган.

Кембридждин аспиранты Бретт Уилсон экспедицияда ачылыш абдан кызыктуу болгонун айтты.

Ал белгилегендей, башында жапайы жоогазын гүлдүн башка түрлөрүнө эле окшош болгон.

Бирок Кембридж университетинин Өсүмдүк таануу департаментинде жүргүзүлгөн ДНК анализдери ал жоогазындын жаңы түрү экенин тастыктады.