Бүгүн Бишкектин үч конушунда ичүүчү суу жок болот

Бүгүн Бишкектин «Энесай», «Дордой-1» жана «Дордой-2» жаңы конуштарында суу убактылуу жок болот.

Муниципалитеттен такташкандай, кечки саат 6га чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Муну себеби оңдоо иштерине байланыштуу.