Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча отурум өттү

 

Душанбеде кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттөр аралык делегациянын биргелешкен отуруму өттү.

Тажикстандын мамлекеттик «Ховар» агенттиги билдиргендей, жыйынга Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов катышты.

Натыйжада тиешелүү протоколго кол коюлду.

Бирок кол коюлган документтердин мазмуну ачыкталган жок.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өткөнү кабарланды.

Маалыматка ылайык, өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны Кыргызстанда болот.