Кыргызстанда сел жүрүү коркунучу бар

Кыргызстанда сел жүрүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бүгүн жана эртең күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

 

Ошондой эле тоолуу жолдорго кар көчкү түшүүсү жана кар күрткү жаралышы күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалар ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.