Синоптиктер май айында кандай аба-ырайы күтүлгөнүн айтып беришти

Синоптиктер май айында кандай аба-ырайы күтүлгөнүн айтып беришти.

 

Алсак, өлкөнүн түндүгүндө жаздын соңку айында күндүзгү температура +18ден +25 градуска чейин жетсе, түнкүсүн +4…9 градусту түзөт. Кээ бир күндөрү аба табы 35 градуска чейин ысышы мүмкүн.

 

Түштүк облустарда күндүзгү орточо температура +20…30ду көрсөтөт. Жаан-чачын норманын тегерегинде болот деп күтүлүүдө.